Абир Касенов Сүйүү кат

Исполнитель: Абир Касенов Длительность: 03:09 Размер: 2.89 МБ Качество: 128 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Абир Касенов — Сүйүү кат"

Абир Касенов - Сүйүү кат

Көп күттүргөн аруу сезим келди мага,
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда.
Тагдырым белек берген бакытымды,
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы?

Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем,
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем.
Мөлтүр таза менин сага махабатым,
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын.

Жүрөгүмдүн ооттой ысык алоосу сен,
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен.
Жанбиргем деп жандап жүрсөм сезим арнап,
Жалындаган сүйүүм менин сени тандап.

Кайырма

Айланчыктап, жаныңдан чыккым келбейт,
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет.
Айперидей жамалыңды бир көрүүгө,
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.

Кайырма

Еще песни Абир Касенов

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)