Сыймык Бейшекеев Жоолукчан

Исполнитель: Сыймык Бейшекеев Длительность: 03:30 Размер: 3.22 МБ Качество: 128 kbit/sec Формат: mp3
Ну как песня, понравилась? Поделись с друзьями!

Текст песни "Сыймык Бейшекеев — Жоолукчан"

Ак көйнөгүң кийип келипсиң,
Ак жоолугуң абдан жарашып.
Ак куу моюн, сулуу жаш селки,
Ай чырайың мынча жарашып.

Кайырма:
Мага жаккан аппак көйнөгүң,
Күттүм эле кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак көйнөгүң желге желбиреп.

Тээ алыстан көзгө чалынып,
Ак жоолугуң абдан жарашкан.
Аты жогуң шакек тагынып,
Айтып турат эми талашпа.

Кайырма:
Жарашыктуу аппак көйнөгүң,
Күткөн элем кийип келет деп.
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.

Ай чырайлуу сулуу кара көз,
Ак көйнөкчөн, аппак жоолукчан.
Ак жоолугуң асти түшпөсүн,
Бактылуу бол, кимге жолуксаң.

Кайырма:
Жолугууга аппак көйнөгүң,
Күткөн болчум кийип келет деп,
Жок эле го анда жоолугуң, ай,
Бүгүн турат желге желбиреп,
Ак жоолугуң желге желбиреп.

Еще песни Сыймык Бейшекеев

0:00 0:00

Заголовок проигрывателя Подзаголовок проигрывателя

(режим воспроизведения)